«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы жылына 8 миллион 794 миң 700 жүргүнчү ташыса, анын 4 миллион 560 миң 600 жүргүнчүсү жеңилдик алган жүргүнчүлөрдү түзөт.

Ишканада сегиз маршруттук линия боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган « Yotong» үлгүсүндөгү 60 автобус жана « Yasin » үлгүсүндөгү  40 автобус бар.

Эртең мененки саат 5:30дан 23:00гө чейин маршруттук каттамдарда 228 айдоочу нөөмөт менен иштешет.

Күн сайын эртең менен наркологдордун үч бригадасы жолго чыгаар алдында айдоочулардын физикалык абалын текшерип турушат. Дарыгерлер нөөмөт менен иштешет.

Линияга чыгуунун алдында коомдук транспорт күн сайын жуулуп турат.