Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Корея Республикасынын консулу Пак Ки Сок мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө багытталган долбоорун талкуулашты.

Борбор калаанын вице-мэри консулга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоорго катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн шаардык саламаттыкты сактоону жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө даяр экенин билдирди.