2022-жылдын 21-июлунда Алтын-Ордо конушуна жана Полиция шаарчасына таза суу берүү токтотулат. Суу берүү саат 9.00дөн 21.00гө чейин убактылуу токтотулат.

Өчүрүү «Контррезервуар» суу алгычында оңдоо жана тейлөө иштери жүргүзүлө турганына байланыштуу. Бул жашоону камсыз кылуучу бардык системалардын сезондук шарттарында ишке даярдоо үчүн аргасыз чара болуп саналат.

“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардыктарды ичүүчү сууну өз убагында камдап алууну суранып, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.