Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов райондогу билим берүү уюмдарынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүү №27, №75, №18, №19 мектептерде өттү.

Жергиликтүү бюджеттин (ЖБФ) эсебинен №27 мектептин жуунуучу жайларын оңдоо, ал эми №19 мектептин терезе блокторун алмаштыруу пландалды. Ошондой эле  класстык бөлмөлөр оңдолду.

Жалпы аянты 5607 м2, 550 орундуу №75 мектептин курулушу уланууда. Подрядчы дренаждык иштерди бүтүрүп, тамандарды жана аянтчаларды куюп бүттү. Учурда таяныч дубалдарды орнотуу, блокторду жабуу иштери жүрүп жатат, долбоордо газ отканасын куруу да каралган. Жер тилкесинин аянты 1,08 га. Ишти «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсынын подряддык уюму жүргүзүүдө.

Жаңы имаратта актовый, хореографиялык, концерттик, спорттук залдар, китепкана жана ашкана каралган.

Андан соң №18 орто мектептин долбоордук кубаттуулугу 225 орундуу кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Эки кабаттуу имарат 910 чарчы метр аянтты ээлейт.

Бүгүнкү күндө имараттын ички жана тышкы жасалгасы, полун, терезе-эшиктерин орнотуу, электр монтаждоо жана сантехника иштери бүткөрүлдү. Жылытуу системасын жүргүзүү, мектептин айланасына асфальт төшөө, футбол жана баскетбол аянтчаларын куруу иштери калды.

Коррупцияга каршы депозиттик эсептен кошумча имарат курууга каражат бөлүнгөн. «Дастан Групп» ишканасы Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагынын негизинде иштейт. Ишти ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.