“Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту” муниципалдык ишканасынын директору Жыргалбек Асаналиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Э.Абдыкадыров кол койду. Мындай чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын 19-июлундагы Коррупция маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айткан сөзү себеп болду.

Башка буйрук менен аталган ишкананын директору болуп Касмалиев Эдил Турсунбекович дайындалды. Э.Касмалиев 2004-2010-жылдары  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура жана дизайн институтунун шаар куруу бөлүмүндө билим алган.

Белгилей кетсек, Э.Касмалиев 2010-жылдан бери «Бишкекбашкыархитектура» МИде иштеп, ландшафттык-архитектуралык чөйрөнүн пландарын, башкы пландарын иштеп чыккан, 2019-жылдан бери  шаар куруучу архитектор болуп, башкы планды, курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу менен алектенген.

2021-жылы «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинде башкы планды, курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча шаар куруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарган.

Маалымдама: "Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту» муниципалдык ишканасынын  уставынын долбооруна ылайык, анын негизги максаты мэриянын атынан шаардын жалпы шаар куруу саясатын ишке ашыруу, ошондой эле Башкы планды, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерин жана шаарды курууга жана өнүктүрүүгө байланышкан башка маселелерди ишке ашыруу үчүн шаар куруу документтеринин бардык зарыл этаптарын иштеп чыгуу болуп саналат.