Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Бул жолу алуу иштери Чүй жана Манас проспектиси менен Ош базарында жүргүзүлдү.

Жалпысынан 53 көрнөк-жарнак демонтаждалды. Ошондой эле шаардыктарга мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзлдү. Андан соң ишкерлер тарабынан ыктыярдуу түрдө 18 көрнөк такталар демонтаждалды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;

- Ленин району боюнча: 0550070505.