20-июлга караган түнү Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Василенко көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, кесепетинен жолдун батыш тарабындагы аялдама жарактан чыкты.

Аялдама муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин балансында, чыгым аялдама комплексин ижарага алып аны өз эсебинен тургузган тарапка төлөнүп берилет.

Аялдама комплексин кайра тургузууга  кеткен чыгымдарды сот органдары жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган тарап көтөрөт.

Азыркы тапта аялдама "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары  тарабынан толугу менен алынып, айланасы тазаланды.