Борбор калаада имараттардын фасаддарын жакшыртуу иштери уланууда.

Алсак, Октябрь районундагы Байтик Баатыр көчөсү 9А, 13 даректериндеги үйлөрдүн фасаддары «ЭРА КОНСТРАКШН» ЖЧКсынын эсебинен оңдолуп, сырдалды.

Свердлов районунда "Спектр" ЖЧКсы, "Ак-Чүй" ЖЧКсы, "Турпан строй" ЖЧКсы, "Финанс кредит банк" ААК, "Евразия" соода борборунун, "МН Инвест групп" ЖЧКсы "Курама Сан"ЖЧКсы тарабынан Абдрахманов көчөсүндөгү үйлөрдүн фасаддары оңдолду.

Жакында Москва көчөсүндөгү №86 даректе иш башталып, учурда «Бакай» банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Биринчи май районунун аймагында Чүй проспектисинин №134, ошондой эле Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишиндеги имараттардын фасаддарын сырдоо иштери башталды.

Эске салсак, бизнес коомчулугу, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси, муниципалдык инспекциясы, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы менен биргеликте иш алып баруунун жыйынтыгында, “Илбирс” имараттарынын, Манас проспектиси №9 имараттардын, “Шампан вино заводунун”, Ч.Айтматов пр. № 8, 10, 14, 16, 20, 22, 24а, 32, 40, 58, Чүй пр. № 98,102,104, 114, 126, 136, 162 фасаддары жаңыланды.
Бул аймактарда иштер улантылууда.

Борбор калаанын мэриясы борбор калаанын имараттарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирет.