"Ынтымак-2" паркында шаардыктардын коопсуздугу жана борбордун сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн зымдарды толугу менен кесүү башталды.

Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча акимиат, "Бишкексвет" МИ, Октябрь районунун ИИБ, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү  башкаруу боюнча департаменти, "Бишкекжашылчарба" МИ, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы менен биргеликте электр энергиясына мыйзамсыз туташууну аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

"Ынтымак-2" паркында балмуздак жана суусундуктарды саткан соода түйүндөрүнүн ишкерлери мыйзамсыз өткөргөн 250 метр кабель кесилди.

Урматтуу шаардыктар! Шаар турмушуна байланышкан бардык маселелер боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.