"Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы калаа башчы  Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасынын негизинде шаардагы эскирген троллейбус линияларын алмаштырууда.

Линияларды алмаштыруу 18-июлда башталган. Бир айдын ичинде эскирген линияларды алмаштыруу иштери аяктайт.

Мындан тышкары, троллейбус башкармалыгы шаардагы тирөөч мамыларды сырдап, көмөкчордондорду оңдоп-түзөөнү улантууда.