«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жол инфраструктурасын оңдоо иштерин улантууда.

2022-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, ишкана төмөнкү көчөлөрдүн боюндагы тротуарларды оңдоп жатат:

- Жибек-Жолу проспектиси Ибрагимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (түндүк жана түштүк тарабы);
- Киев көчөсү менен Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (түндүк жана түштүк тарабы);
- Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин (түндүк жана түштүк тарабы).

Ошондой эле, кошумча титулдук тизмеге ылайык, учурда Патрис Лумумбы көчөсүндө Жамгерчинов көчөсүнөн Орск көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Валдайская көчөсүндө да курулуш иштери жүрүп жатат.

Республикалык бюджеттин эсебинен Эски аянттагы тротуарлар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Чуңкурларды оңдоо, жол белгилерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу «Бишкекасфальтсервис» МИ өндүрүштүк планына ылайык жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкекасфальтсервис» МИнин ишине байланыштуу кайрылуулардын  сүрөттөрүн  жана видеолорун Instagram: mp_bishkekasfaltservis социалдык тармагына жөнөтсөңүз  болот.