Эксперттик кеңештин биринчи жолугушуусу  мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү коллегиалдуу кеңеш берүүчү органдын ишмердүүлүгүн келечектеги багыттарын жана натыйжалуу ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууну талкуулашты.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары  кеңештин ишин мындан ары уюштуруу боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты.

Буга чейин эксперттик кеңеш түзүлүп, анын курамына ар  тармактын адистери кирген.

Эксперттик кеңеш маанилүү чечимдерди кабыл алууну даярдоо процесстерине эксперттик колдоо көрсөтүү жана актуалдуу маселелер боюнча корутундуларды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.

Кеңештин негизги максаты Бишкек шаарынын мэриясына социалдык-экономикалык өнүгүүнүн социалдык маанилүү маселелерин чечүүдө жана шаардын жашоо-турмушун камсыздоо системасын өнүктүрүүдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.