Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда «Белес KG» ЖЧКсы менен Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин ортосунда «Белес KG» ЖЧКсынан 5 автобус сатып алуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Алгач газ кыймылдаткычы бар автобустарды сатып алуу алардын сапатын тешерүү үчүн пландаштырылган.

Буга чейин аталган ата мекендик компания тарабынан 50 жүргүнчү ташуучу автобус чыгарууга укук берген сертификат берилген.
2022-жылдын 1-июлунда «Бишкек жүргүнчүлөр авто транспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы заманбап талаптарга жооп берген, кондиционерлери менен жабдылган, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык шарттары бар 100 жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга 1 миллард сомго тендер жарыяланган. Тендер чексиз сатып алуу ыкмасы менен жарыяланды.

2022-жылдын 12-июлундагы тендердик табыштамаларды ачуу протоколуна ылайык, бул сынакка 4 катышуучу, анын ичинде «Белес KG» ЖЧКсы катышкан.

Ачуунун жыйынтыгы менен бардык катышуучулардын сунуштары четке кагылып, тендер жараксыз деп табылган. Себеби, катышуучулардын тендердик табыштамаларында техникалык тапшырманын (автобустардын техникалык параметрлери) жана тендердик документациянын белгиленген талаптарына жооп бербеген олуттуу кемчиликтер аныкталган.

2022-жылдын 14-июлунда www.tenders.kg сайтында 100 жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча кайра тендер жарыяланды.
Тендердин катышуучуларынын тендердик документтерин ачуу 2022-жылдын 21-июлуна белгиленди. Тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчү компания менен келишим түзүлөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө автобустарды сатып алуу боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында «Белес KG» ЖЧКсы менен иш уланууда.