Капиталдык курулуш башкармалыгы 32 билим берүү мекемесинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.
Мекемелерде жылуулук берүү системалары, дааратканалар оңдолуп чатырлар, терезелер жана инженердик түйүндөр алмаштырылууда. Ал эми кээ бир имараттарда жалпы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
9 объектиде оңдоп-түзөө иштери бүттү, алар: №66, №14, №20, №68, №165, №86, №40, №77 орто мектептери, Балдар чыгармачылык борбору.
Жалпсынын 49 билим берүү мекемесинде ремонт иштери пландалган анын 9у бүткөрүлсө, 32синде жумуштар жүрүп жатат. Ал эми 7 объектиге ремонт иштерине сатып алуу жарыяланган.