Жума сайын борбордогу район башчылары социалдык тармактагы баракчаларда түз эфирге чыгышууда.
Биринчи май районунун акими Максат Сазыкулов түз эфирге ар шейшемби сайын акимиаттын Фейсбуктагы расмий баракчасынан саат 18:00дө чыгат. https://www.facebook.com/praBishkek;
Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев түз эфирге шаршемби күнү саат 18:00дө шаар тургундарынын кайрылууларына жооп берет. https://www.facebook.com/Leninadm;
Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 18:00дө: https://www.facebook.com/SRABishkek;
Ал эми Октябрь районун башчысы Азамат Дороев шаар тургундары менен ар жума сайын саат 18:00дө түз эфирде байланышта. https://www.facebook.com/orabishkek/;
Урматтуу шаар тургундары! Түз эфирге кошулуп сизди кызыктырган суроолорго жооп алыңыз. Биз дайыма байланышта.