«Бишкексууканал» ишканасынын жумушчулары Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу өткөрүү тармагындагы жылдыргычтарды алмаштырышты.

Аталган дарек боюнча диаметри 150 миллиметр болгон жылдыргыч жарактан чыккан. Анын башкы себеби тетиктин эскилиги жеткендигинде. Бир тетик алмаштырылса, дагы бир тетик оңдолгон.

2021-жылы аталган райондо муздак суу берүү системасын жакшыртуу иштери башталган. Адистер узундугу 1 киллометрге жеткен полиэтилен түтүктөрүн салышкан.

Жумуштун кийинки баскычы болуп суунун көлөмүн жана ылдамдыгын көзөмөлдөгөн жылдыргычтарды алмаштыруу жана оңдоп-түзөө болуп саналат.