“Эмират”- Эл аралык кайрымдуулук фондунун президенти Али Айоуб Курман айт майрамына карата Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасында иштеген 100 кишиге азык-түлүк тапшырды. Ишкананын директору Жамалбек Ырсалиев аталган фонддун президенти Али Айоуб мырзага кызматкерлердин атынан ыраазычылык билдирди.

Ишчара Курман айт майрамына карата уюштурулду.