Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 15-июлуна карата борбордо коронавирустук инфекциянын жана жугуштуу пневмониянын жаңы катталган учурларынын саны 76 учурду  учурду түздү.  Алардын 95%ы жеңил түрдө, үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Калкка өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында 118 чалуу борборунун кызматы байланышта.

118 ишеним телефону борбор калаанын калкына төмөнкү оорулар боюнча консультациялык жардам көрсөтөт: COVID-19,КРВИ.

Мындан тышкары шаардыктарды илдеттен коргоо жана калкты эмдөө менен толук камтуу максатында шаардын ар бир районунда эмдөө пункттары жайгаштырылган.

Бишкек шаарынын аймагында  70 эмдөө пунктары иштеп жатат:

- 10 ҮМБда жана 9 түзүмдүк бөлүм жана 6 филиал;
- шаардык студенттер бейтапканасында;
- спорттук-реабилитациялык борборунда;
- ТЖОнын (Темиржолооруканасынын) бейтапканасында;
- КРПжӨИБКОнын (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын) бейтапканасында;
- Кыргыз-Түрк ооруканасында;
- 11 жеке медициналык борбордо;
- 9 билим берүү мекемелеринде;
- 20 дарыгердик амбулаторияларда;

Бүгүнкү күндө, каалагандар SinoPfarm вакцинасы менен аталган убактылуу эмдөө пункттарынын бардыгынан эмдөөдөн өтсө болот.  AstraZeneca, Pfizer, Спутник-Лайт, Moderna вакциналары жок.

2022-жылдын 15-июлуна карата борбор калаада жалпы 195 488 адам биринчи эмдөөдөн,  163995  адам 2-чи эмдөөдөн жана 23044 бустердик эмдөөдөн  өттү.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону, өз алдынча дарыланбастан, өз убагында дарыгерлерге кайрылууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат.