Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну  көзөмөлдөө  боюнча муниципалдык инспекциясы  борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекторлор Чүй проспектисинин, Ауэзов жана Көлбаев көчөлөрүнүн боюндагы 20 уруксатсыз илинген көрнөктөрдү жана баннерлерди алып салышты.

Ошондой эле, текшерүүнүн жүрүшүндө Токомбаев көчөсүндөгү 19/1 үйдүн жанындагы тосмолор, балмуздак сатуучу стенд жана 2 промо стенддер  алынды.

Урматтуу шаардыктар!  Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.