Ленин районунун акими Русланбек Тагаев лицензиялык турнирлерде жана эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчулар жана алардын машыктыруучулары менен жолукту.

Район башчысы дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн спортчуларга жана спортчулардын жогорку натыйжаларга жетишүүсүндө талыкпаган эмгеги үчүн алардын машыктыруучуларына чын дилинен ыраазычылык билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө район башчысы чоңдор арасындагы спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатында, ошондой эле жаштар арасындагы спорттук самбо боюнча Азия чемпионатында ийгиликтерге жетишкендиги үчүн акчалай сертификаттарды тапшырды.

Өз кезегинде машыктыруучулар жетекчиге көрсөткөн колдоосу үчүн  жана  көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан ары да эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын татыктуу коргоо үчүн талыкпай эмгектене тургандыгын кошумчалады.