Жыйында Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, орун басары Садык Мырзакматов, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын, КРнын Финансы министрлигинин,  Ленин райондук башкармалыгынын жана  аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү менен бирге болуп өттү. Анда салыктарды чогултуунун түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын региондук көрсөткүчтөрү каралды.

Айтылган маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери киреше бөлүгүнө 1175,7 миллион сом салыктык төлөмдөр түштү, план 1103,7 миллион сом болсо,  пландын аткарылышы 106,5%ды түздү, башкача айтканда 72,1 миллион сом ашыкча киреше алып келинди.

Жыйындын сонунда салык кызматтарына райондун бюджетинин үстүбүздөгү жылдын 2 жарым жылдыгына карата пландык көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча комплекстүү чараларды көрүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн транспорт жана жер салык органдарынын  катышуусунда рейддик иш-чараларды өткөрүү боюнча иштерди жандандыруу тапшырылды.