Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы жер амнистиясына туш келген объектилерине арыздарды кабыл алуу башталганын билдирет.

Арыздарды кабыл алуу "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат, ал амнистияга туш келген объекттерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер амнистиясын жүргүзүүнү жөнгө салат.

Арыздар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларында кабыл алынат. Жарандар арыз берүү үчүн жашаган жери боюнча административдик аймакка кайрылышы керек.

Урматтуу шаардыктар документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 18-июлунан тартып күн сайын саат 9:00 дөн 18:00 гө чейин жүргүзүлөт:

- Чүй проспекти №315, телефон: 0312 65-38-91 – Ленин акимиаты;
- Жибек-Жолу проспекти №348, телефон: 0312 62-35-17, 0312 32-51-40 – Биринчи май акимиаты;
- Чүй проспекти №28, телефон: 0312 36- 03-43 – Свердлов акимиаты;
- Тунгуч кичи району №57, телефон: 0504 11 01 21 – Октябрь акимиаты.