Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директорунун орун басары  Абыллаев Тимур жетектеген делегация, MoveGreen жарандык коомунун жана Unisongroup жеке секторунун өкүлдөрү, Гренобль, Париж (Франция) шаарларында калааны туруктуу өнүктүрүү жана атмосферага зыяндуу миссияларды азайтуу боюнча эң мыкты европалык тажрыйбалар менен таанышуу максатында бир катар расмий жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Расмий сапардын алкагында делегация Гренобль шаарынын мэри – Эрик Пиолле менен жолугушту.

Маалымат үчүн: Франциянын Гренобль шаары 2022-жылы Европанын жашыл борбор номинациясын жеңип алган.

2014-жылы мэр болуп шайлангандан бери шаардын мэри Эрик Пиолле  шаарды эффективдүү башкарып, калааны өзгөртүп, аны жарандар үчүн кыйла ыңгайлуу жана инклюзивдик, атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартууга жетишти.

Бул сапар көз карандысыз эксперт Нурадил Райымбеков тарабынан демилгеленип, GIZ каржылык жактан колдоо көрсөттү.