Ленин районунун билим берүү борборунун директору Таалайгүл Темирканова райондун жалпы билим берүү уюмдарын текшерүүнү улантууда.
Бүгүнкү күндө №44, №47, №50, №58, № 74, № 77, № 68 орто мектептеринде, №37,№165 бала бакчалырында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Аталган имараттарда жылытуу тутумдар, фасаддар, чатырлар оңдолуп, терезелер алмаштырылып, короо канализациясы, спорт зал жана чечинүүчү жай капиталдык оңдоодон өтүп, жасалгалоо иштери менен инженердик тармактар алмаштырылып, устаканалар оңдолот.