Свердлов акимиатында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Штабдын ишине райондун медициналык мекемелеринин жетекчилери, МАБнын башчылары жана жооптуу адистери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствого караштуу аймактагы коронавирус инфекциясы боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүүлүгү, ошондой эле эмдөө жөнүндө маалымат угулду.

Жыйынтыгында коопсуздук чараларын сактоо боюнча калкты маалымдоо, анын ичинде ишти күчөтүү чечими кабыл алынды.