Бишкек шаарынын мэриясы эң мыкты шаар долбоору сынагынын алкагында катышуучуларды демилгелерин презинтациялоо үчүн чакырды.

Жалпысынан комиссия экинчи этапты өткөн 17 катышуучунун долбоорлору менен таанышты.

Эскерте кетсек, сынактын алкагында жалпы 22 долбоор келип түшкөн.

Сынак 1-апрелде башталган. Ал эми долбоорлор 30-июндан тарта кабыл алынган. Сынакка катышуу үчүн билдирмелер жеке адамдар, демилгечи топтордон, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан келген.

Сынактын башкы масксаты шаар тургундарын жана уюмдарды шаарыбызды жакшыртууда, актуалдуу маселелерди чечүүдө кызыктар болууга үндөө.