«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы сейил бактарды, аянттарды жана шаардын көчөлөрүн тышкы жарыктандырууну модернизациялоону улантууда.

Ошондой эле, ишкананын кызматкерлери Элдердин достугу аянтында иштешүүдө. Анда 32 даана бетон пайдубалы орнотулуп, кабель зымдары тартылууда.  Мындан тышкары 53 мамы жана 106 светодиоддук лампа орнотулат.

Иштин жүрүшүндө Куруучулар шаарчасында жарыктандырууну модернизациялоо уланууда. 42 бетон негиздери, 16 полимер порошок боёк менен капталган металл полдук лампалар жана 18 темир-бетон мамылары, К.Ататүрк атындагы паркта жарыктандыруу орнотуу учун траншеялар даярдалууда.

Урматтуу шаардыктар!  Көчөңүздөрдө караңгы болсо, ишкананын ыкчам диспетчердик кызматы ар дайым сиздер үчүнкызматта:

(0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp аркылуу төмөнкү номурлар аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0777 902-115.