Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк иштин жыйынтыгы боюнча пресс-конференция берет.

Иш-чаранын жүрүшүндө муниципалитеттин иш пландары жана ири долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу баяндалды.

Атап айтканда, "Бишкек шаарынын аймагында көп деңгээлдүү унаа токтоочу жай" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу пландалууда, анын алкагында сыйымдуулугу 500 автоунаага чейин төрт көп деңгээлдүү парковка курулат:

- Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Суеркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Псковск жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Түгөлбай Ата жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде.

Шаардык бюджеттин эсебинен жыл сайын 100 лифтти алмаштырып, аларды тейлөөнү аутсорсингге берүү пландалууда. Ошондой эле операторлордун лифтерлерин даярдоо жана №20 техникалык кесиптик лицейдин базасында электромеханиктерди чыгарууну калыбына келтирүү үчүн "Бишкекшаарлифт" МИнин алдында окуу борборун ачуу.