Борбор калаанын мэринин 100 күндүк ишине арналган пресс-конференциясынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан борбордун экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча иштер улантылып жатканы белгилүү болду.

Ошентип, реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн Европалык банкы менен компримирленген жаратылыш газында иштеген 250 автобусту сатып алуу жана автобустук паркты оңдоо боюнча долбоорду каржылоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул максатта 25 миллион евро жана 8 миллион евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алуу пландаштырылууда.

"Шаардык транспортту электрлештирүү"долбоорун ишке ашыруу процессинде. Аны Азия өнүктүрүү банкы каржылайт. Анын алкагында 59,55 миллион АКШ доллары суммасындагы электр автобустарды сатып алуу пландалууда. 25,65 гранттык негизде, 25,0 млн АКШ долларын жеңилдетилген шарттарда кредит катары 32 жылдык мөөнөткө, ал эми 8,9 млн АКШ долларын Кыргыз Республикасы тарабынан салыктардан бошотуу түрүндө берет.

Борбордун аймагын жашылдандыруу жана Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн "Бишкек шаарында бак-дарактарды жыл сайын көбөйтүү"долбоорун ишке ашырууга гранттык каражаттар тартылды.

Ал эми МЖӨ борбору менен бирдикте "Бишкек шаарында автоматташтырылган унаа токтотуучу жайды өнүктүрүү"МЖӨ долбоору демилгеленет. Жеке өнөктү тандоого конкурстук документтер даярдалып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин алдындагы МЖӨ борборуна бекитүү үчүн жөнөтүлдү. Экономика министрлигинин буйругу менен "Бишкек шаарында автоматташтырылган унаа токтотуучу жайды өнүктүрүү" МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуш бекитилген жана конкурстук комиссияны түзүү жол-жобосу башталган.