Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк иш боюнча пресс-конференция учурунда өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имаратын бузуу боюнча иштер жарыялангандыгын билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, немис дизайнерлери 3 жолду сунуш кылышкан.

"Үч варианттын ичинен бирин тандап алабыз. Эски имарат бузулгандан кийин аукцион жарыялайбыз", - деди мэр.

Мында, шарттар боюнча имарат муниципалитеттин долбоору боюнча курулат.

Мындан ары борбор калаадагы бардык имараттардын курулушу муниципалитет тарабынан көзөмөлдөнөт.