Мэриянын жыйындар залында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыктарына арналган пресс-конференциясы өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы №298-р буйругун аткаруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы Т.Усубалиев атындагы скверди жана Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү боюнча иш алып барууда. 2022-жылдын март айынан тарта шаардын борбордук бөлүгүн көрктөндүрүү, эски жана жаңы аянттарды асфальттоо иштери башталган.
"Бишкасфальтсервис" МИнин линиясы боюнча Т.Турсунбаеванын аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорго брусчатка төшөлүп, Кыргыз улуттук драма театрынын алдына 60 жол тосмосу орнотулуп, Эмгек Даңкы аянтында ирригацияны орнотуу иштери аяктады.
Элдердин достугу монументинин, Өкмөт Үйүнүн, Жогорку Кеңештин айланасында көчөлөрдө газондорду орнотуу иштери жүргүзүлдү:
- Орозбеков көчөсү Чуйдөн Фрунзеге чейин;
- Абдумомунов көчөсү Панфилов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
- Чүй проспекти Панфиловдон Логвиненкого чейин;
- Фрунзе көчөсү Панфиловдон Раззаковго чейин;
- Панфилов көчөсү Фрунзеден Абдумомуновго чейин.

"Бишкекжарык" МИ 10 жарык берүүчү таянычты орнотуу үчүн бетон негиздери даярдалып, кабелдик линияларды төшөө үчүн 360 п.м траншея жүргүзүлдү. "Тазалык" МИ чек ара ташын оңдоо менен жаңы жабууну төшөө боюнча иштерди аяктады.
Жашыл бак-дарактардын санын көбөйтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу үчүн 5154 жалбырактуу дарак, 2645 ийне жалбырактуу дарак, 3765 бадал көчөтү, 179353 тирүү тосмо көчөттөрү, 518578 бир жылдык гүл көчөттөрү отургузулду.
Бишкек шаарында "ЖашылМурас" Улуттук кампаниясы башталды. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин "2022-жылды тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдын 12-мартында башталган. Бишкек шаарынын тургундары бул акцияга активдүү катышууда. Кайдыгер карабаган шаардыктардын эсебинен 4 миңден ашык бак отургузулду.
Борбор калаанын мэриясы КТК жыйноонун бункердик системасын этап-этабы менен киргизүүнү пландаштырууда. Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы тутумун түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай мамиле шаардык көчөлөрдү эстетикалык көрүнүшкө ээ кылат.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын чогултуунун жер алдындагы конструкцияларын куруу жана сатып алуу боюнча инвесторлор менен маселени иштеп чыгууда.
Долбоордун алкагында подряддык уюм тарабынан КК системасын башкаруу турмуш-тиричилик калдыктарынын полигонун жабуу жана рекультивациялоо, жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. "Катуу таштандыларды сорттоо заводу жана жашыл калдыктарды компосттоо участогу" компонентин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында УТБ долбоорунун техникалык коштоо жана көзөмөлдөө боюнча жаңы консультантын тартуу боюнча иш жүргүзүлүүдө, ал таштанды сорттоочу заводду бир этаптуу сатып алуу ыкмасы менен куруу боюнча жаңыланган техникалык тапшырманы жеткире иштеп чыгууга тийиш. Тендер 2022-жылдын июнь айынын ичинде жарыяланат деп күтүлүүдө.
"Бишкекжарык" МИ 1 850 светодиоддук жарык орнотуп, 205 тышкы жарык берүүчү лампаны алмаштырып, 30,8 км СИП койду.
"Бишкексууканал" ӨЭБсы суу түтүктөрүнүн 3,5 км тышкы жана авариялык участкаларын алмаштырды, канализация тармактарынын 0,08 км сырткы жана авариялык участокторун алмаштырды, 135,4 км канализация тармактарын жууду, 252 суу түтүк кудугун тазалады, 6297 канализация кудугун тазалады.
"Бишкексууканал" ӨЭБсы "Бишкек шаарында суу менен камсыздоону жана канализацияны реабилитациялоо"долбоору ишке ашырылууда. Буга чейин 6,3 миллион евро өздөштүрүлгөн, анын ичинде насыя – 3,9 миллион евро, грант - 2,4 миллион евро. Долбоордун негизги фазасын ишке ашыруу Бишкек шаарынын түштүк зонасынын инженердик инфраструктурасынын көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүндүк берет, ал буга чейин борборду өнүктүрүүнүн башкы планында каралбаган.

Узундугу 11 км болгон Ахунбаев көчөсүнөн канализациянын тазалоочу курулмаларына чейин "канализация коллекторун долбоорлоо жана куруу" компоненти боюнча иштер улантылууда.
"Бишкасфальтсервис" МИ 414 жол белгисин, 2 токтотуу комплексин орнотуп, узундугу 1500 погон метр болгон тротуарларды реконструкциялоо жүргүзүлдү. Ошондой эле Ч.Айтматов көчөсү - Горький көчөсү жана Б. Баатыр - Токомбаев көчөсү боюнча өтүүчү бөлүк кеңейтилди.
Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында өзгөчө ведомстволор аралык комиссия түзүлдү
Шаардын мэри Абдыкадыров Э.М шаардык жолдорду, тротуарларды куруу, оңдоо жана күтүү, жашылдандыруу, жарык берүү, санитардык тазалоо боюнча муниципалдык тапшырыктын ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментинен муниципалдык администрацияларга өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, муниципалдык администрациялардын жоопкерчилигин күчөтүү жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан шаарды көрктөндүрүү боюнча иштерди жакшыртуу үчүн жасалды. Азыркы учурда райондук муниципалдык администрациялар шаардын кызматтары менен биргеликте көрктөндүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды өз алдынча аныктап жатышат.