Мэриянын жыйындар залында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыктарына арналган пресс-конференциясы өтүп жатат.

Колдонуудагы келишимдик мамилелер боюнча муниципалдык мүлктү ижарага алуу үчүн 126 690,4 миң сом келип түшкөн, жергиликтүү шаардык бюджеттин кирешесине түшүүлөрдү иш жүзүндө чогултуу 132 942,4 миң сомду түзгөн.

Муниципалитетке турак жайлардын жалпы аянты 2659 м2 батир берилген, алдын ала баалоо боюнча суммасы 130-150 млн сомду түзөт.

Бишкек мамлекеттик "Кадастр" мекемесинин техпаспортторун берүү боюнча 6 мобилдик топ жер-жерлерде белгиленген план боюнча иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө техникалык паспортторду даярдоого 10339 арыз келип түштү, кыймылсыз мүлккө 8350 изилдөө жүргүзүлдү, 7010 техникалык паспорт даярдалды, 1268 техникалык паспорт даярдоодон баш тартылды жана 6218 паспорт берилди.

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча Департамент 167 соттук териштирүүгө катышты, алардын ичинен Бишкек шаарынын мэриясынын пайдасына 6 соттук териштирүү боюнча жалпы суммасы 6 775 667, 87 сом соттук актылар чыгарылган.

Парктарда жайгашкан чарбакер субъекттер менен ижара мамилелерин жөнгө салуу боюнча документтер иштелип чыгууда. Бул шаардын бюджетинин кошумча киреше булактарын алууга мүмкүндүк берет.

Мурда ижарага берилген муниципалдык жер участоктору боюнча аукционду уюштуруу жана жер участокторун сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жаатында Бишкек шаардык Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Депутаттар тарабынан өзгөртүүлөр киргизилген учурда 220 млн сом өлчөмүндөгү бюджеттин толукталышы күтүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын "жеке турак үйлөрдү курууга жер участокторун берүү жөнүндө", ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомдорунун 11 долбоору иштелип чыкты, алар кароо стадиясында турат.

Бишкек шаарынын аймагында жеке турак жай жана үй куруу зоналарында жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын "Жеке турак үйлөрдүн жанаша аймактарына ижара укуктарын берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө" буйругунун долбоору иштелип чыкты, ал кароо стадиясында турат.