Бишкек шаарынын мэриясында 100 күндүк иштин жыйынтыгы боюнча мэр Эмилбек Абдыкадыровдун пресс-конференциясы өтүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө бул жылы 28 транспорттук жана 3 жөө жүргүнчү светофордук объекттерди куруу пландалганы белгилүү болду. 8 светофордук объект пайдаланууга берилди, 19 долбоордук-сметалык документтер даярдалды. 4 светофордук объектте инженердик-техникалык шарттарды жана техникалык шарттарды даярдоо иштери жүрүүдө.

Санариптештирүүнүн жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан тартып «BPC AG» швейцариялык  компаниясы тарабынан "Тулпар"электрондук билеттөө долбоору ишке ашырылууда. Шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен муниципалдык коомдук транспорттун накталай эмес эсептешүүгө өтүшүн кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Борбор калаанын мэриясы диспетчердик кызматты автоматташтыруу тутумунун долбоорун киргизүү жана троллейбустарды видеокамералар менен жабдуу боюнча иш алып барууда. Долбоор жүргүнчүлөрдүн агымын изилдөө жана текшерүү, линиядагы троллейбустардын кыймылын жана иштешин контролдоо, диспетчердик кызматты автоматташтыруу, ошондой эле атайын техниканын отун чыгымдарын текшерүү үчүн ишке ашырылат.

Учурда диспетчердик курамды жаңы программага окутуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Ошондой эле 22 троллейбуста 11 каттам боюнча видеокамералар орнотулган. 4 жана 10 троллейбус каттамындагы аялдамаларды үн менен айтуу боюнча спутник системасы аркылуу автоинформаторлор орнотулду.