Мэриянын жыйындар залында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыктарына арналган пресс-конференциясы өтүп жатат.

Шаардык бюджеттин эсебинен борбордо  840 орундуу 5 мектепке чейинки балдар мекемеси курулуп жатат. Катар кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен 2 саламаттык сактоо объектисин куруу иштери башталды.

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 16 билим берүү объектиси курулуп жатат. Бул № 6, 10, 20, 35, 40, 73, 75, 76, "Алтын-Ордо", "Мурас-Ордо", "Ак-Ордо", "Ак-Бата", "Рухий-Мурас", "Ак-Босого", "Колмо" конуштарындагы мектептер жана Жал кичи районундагы 1 бала бакча. Курулуш жана реконструкциялоо иштери аяктаганда 6705 окуучу орун камсыз кылынат.