Мэриянын жыйындар залында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыктарына арналган пресс-конференциясы өтүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө КЭР грантынын эсебинен ишке ашырылып жаткан "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 60 көчө реконструкцияланып, узундугу 70,87 км.630 миң м2 жол катмары, 46 миң ирригациялык лотоктор жаңыланып, 130 км тротуар жана 5 көпүрө курулаары белгилүү болду. Долбоор "Арча-Бешик", "Ак-Орго", "Ак-Ордо", "Жеңиш", "Ак-Босого", "Эне-Сай", "Ак-Тилек", "Учкун", "Ынтымак", "Дордой-2","Кара-Жыгач"конуштарында 32,8 км жолдорду курууну да камтыйт. 23 көчө боюнча иштер аяктады, 37 көчө боюнча демонтажга туш болгон объекттерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.