Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы Учкун конушундагы №89 орто мектептин имаратынын спорт блогун реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштерине тендер жарыялады.

Сынак чексиз, эки пакеттүү сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 4-июлда жарыяланган, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 18-июлуна чейин. Тендер 5 349 934 сомго жарыяланды.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган: www.zakupki.gov.kg