Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.
Инспекция «Тазалык» ишканасынын атайын бригадасы менен биргеликте Баялинов, М.Ганди көчөлөрүн жана Жибек-Жолу проспектисин жарнак мамыларынан, баннерлерден жана көрнөктөрдөн тазалады. Жеринде бардыгы болуп 54 агрегат демонтаждалган.
Тазалык тартибинин душмандарына каршы күрөш дагы уланууда.
Тазалыкты сактабагандыгы үчүн Жумабек көчөсүндөгү №173 даректе жайгашкан «Роял Констракшн» ишканасына КРнын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси боюнча айып салынды.
Ал эми “Куруучулар шаарчасынын” тургуну Асанкан у.А.га жерди пайдалануу эрежесин бузгандыгы үчүн 239-беренесине айып салынды.
Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:
- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.