Борбор калаада Курултай көчөсүнүн Магистралдан Кожомкулга чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн ачылды.

Узундугу 800 метр болгон тилкеде жол иштери жүргүзүлдү. Бул жерде толугу менен– унаанын жүрүүчү бөлүгүн 9 метрге чейин кеңейтүү, тротуарларды жана ирригациялык системаларды иретке келтирүү, жол белгилерин коюу жана жол белгилерин орнотуу менен реконструкциялоо жүргүзүлдү.

Жолду реконструкциялоо долбоору «Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемеси тарабынан берилген АПУнун негизинде иштелип чыгып, экологиялык жана мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылган.

Эске салсак, жол иштери 2022-жылдын 10-мартында башталган.