Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдарга жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Биринчи май акимиатынын жыйындар жайында тегерек стол өткөрүлдү.
Ага төрт акимчиликтин, райондук билим берүү борборлорунун, социалдык өнүктүрүү башкармалыктын, маданият мекемелеринин жана МАБдын кызматкерлери катышты.

Тегерек столду КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду.

Талкууда этностор аралык ынтымакты өнүктүрүү, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана туруктуулукту камсыздоо жаатындагы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Айта кетсек, Кыргыз жараны улутуна, диний, социалдык жана аймактык таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
“Кыргыз жараны” термини  Кыргыз Республикасы өлкөсүнүн атынан келип чыккан жана бардык этностук жамааттарды этностук-маданий тиешелүүлүгүн сактоо менен бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүктү түшүндүрөт.