Жыйындын жүрүшүндө Жибек – Жолу проспектиси №462 дарегиндеги балдар аянтчасын жана футбол аянтчасын реконструкциялоо маселеси талкууланды.

Андан соң балдар аянтчасын куруу үчүн муниципалдык жер тилкеси бар Ростов көчөсүндөгү №19б дарегине барышты.

«Көлмө» конушунда Мыскал көчөсүн оңдоо иштери менен таанышып, буга чейин тургундар асфальт төшөөнү тездетүүнү суранышкан. Ала-Арча дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушунун техникалык абалын карап чыгышты. Учурда көпүрө унаа жолу болуп саналат, бирок коопсуз эмес.

Жыйынтыгында тапшырма берүү менен протокол түзүлүп, анын негизинде акимчиликтин компетенциясынын жана КРнын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү иштер жүргүзүлмөкчү.