Аптаптуу ысыкта “Бишкексууканал” башкармалыгынын адистери кадимки режимде иштеп жатышат. Абанын температурасынын жогору болгонуна карабастан, кызматкерлер  абоненттердин чалууларына барышат.

Борбор калаанын 10-кичи районунда №25 үйдүн жанында диаметри 300 мм болгон чоюн суу түтүгү бузулган. Суу кызматынын бригадасы эртең менен ишке киришти. Түтүккө жетүү үчүн 4 метр тереңдикте чуңкур казылды. Казуу иштери  үчүн башкармалыктын атайын техникалары тартылды. Иштин татаалдыгы суу түтүгүнүн жанынан кол менен казуу керек болгон. Суу чарба бригадасы жумуштардын комплексин бүтүрүп, суу өткөргүчтүн бузулушун четтетти.

Ал эми канализация кызматынын бригадасы Ахунбаев көчөсү  №128 дарегиндеги канализациядагы тыгынды жойду. Канализацияга  чүпүрөк тыгылып калган.

Кездеме материалдары канализацияда тыгын жаратып, курч бурчтарга жабышат. Аларды алуу абдан кыйын! Мындай жагдайларды чечүү көп убакытты жана ишкананын  олуттуу ресурстарын тартууну талап кылат.