Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Fasion Concept Festival - заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун уюштуруучуларынын бири Жан Воинов жана иш-чаранын ардактуу чет элдик коноктору – иш-чаранын уюштуруучулары Канон Зузоа жана Мадоннанын хореографы Марвин Гофин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө уюштуруучулар ири иш-чараны өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн муниципалитетке ыраазычылык билдиришти.
25-июнда "Дордой Плаза" соода жана оюн-зоок борборунда өтө турган тандоо туруна КМШ өлкөлөрүнөн келген бардык каалоочулар катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы менен Парижде өтүүчү Fasion Concept Festival фестивалында Кыргызстандын атынан чыга турган 2 күчтүү бийчи аныкталат.