Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын  жана Ханнс Зайдель фондунун биргелешкен программаларынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту.

Мэр Фондду 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, муниципалдык жана мамлекеттик башкаруу органдарында жетекчилик кызматтарда ийгиликтүү иштеген компетенттүү кадрларды даярдоого Фонддун кошкон зор салымын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө  кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Муниципалитеттен калаа башчысы  Эмилбек Абдыкадыров, фонддон доктор Макс Георг Майер кол койду.

Меморандумдун алкагында алар жыл сайын кызматташуу программасын иштеп чыгып, макулдашат, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга адистерди тартуу боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгышат, уюштуруу жана семинарларды, тегерек столдорду, тренингдерди өткөрүүгө түздөн-түз көмөк көрсөтүшөт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы магистрдик программалар үчүн кандидаттарды тандоодо, Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Фонддун биргелешкен программаларынын магистранттары үчүн илимий практиканы уюштурууда жана өтүүдө  колдоо көрсөтүлөт.