Ак-Өргө жаңы конушундагы №77 орто мектепте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда акыркы коңгуроо салтанаттуу линейкасы өткөрүлдү.
Быйыл калаанын мектептеринен 9-классты 14298 окуучу жана 11-классты 8263 окуучу аяктоодо.
Мектеп окуучуларын борбор калаанын вице-мэрлери жана райондордун акимдери да куттукташты.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Мектепти ийгиликтүү аякташыңар менен куттуктайбыз! Келечегиңер кең болсун!