Муниципалдык менчик, жер пайдалануу, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директорунун жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.
Сынактын жыйынтыгы менен Кемелбеков Чыңгыз Кемелбекович Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Бул тармакта 2010-жылдан бери эмгектенип, техникалык көзөмөл бөлүмүндө адис болуп иштеп баштаган.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында жерге мунапыс берүү боюнча жер-укуктук мамилелерди жөнгө салууга көзөмөл жүргүзөт.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Э.Абдыкадыров кол койду.