Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров муниципалык коомдук транспорттогу «Тулпар»  электрондук билет системасы менен таанышты.

Жыйын Бишкек троллейбус башкармалыгында өтүп, ага шаардык транспорт департаментинин жетекчиси  Максат Нусувалиев, Тулпар «БПЦ КГ» ЖЧК  долбоордук компаниясынын өкүлү  Малис Мамбетжанов, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлү Санжарбек Болотов, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаров жана  Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук  ишканасынын башчысы Бакыт Темикеев катышты.

Малис Мамбетжанов электрондук билет системасын киргизүү боюнча долбоордун жыйынтыгы жана ушул жылдын 1-июлунан тарта муниципалдык коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө толук өтүү пландары тууралуу айтып берди.

Равшанбек Сабиров  экономиканы санариптештирүүнүн алкагында мамлекет мындай долбоорлорду колдоого аларын билдирди.

Ошондой эле Равшанбек Азатовичке Тулпардын накталай эмес төлөм ыкмалары практика жүзүндө көрсөтүлдү.