Бүгүн мектепте окуган жылдарыңардын жыйынтыгын чыгарып, билим алган мектебиңер, таалим берген мугалимдериңер менен коштошуп, келечекке кадам таштап жатасыңар.


Силердин орто билимге ээ болуп, мындан аркы турмуш жолуңардагы ийгиликтер  үчүн бүгүн  “Акыркы коңгуроо” кагылды. Мына ошол ийгилик жаңырыгы болгон “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен баарыңыздарды куттуктагым келет.


Мектепти аяктоо - силердин жашоодогу  ийгиликтериңердин  жаңы башталышы.  Алдыда мамлекеттик маанилүү сынактар, жогорку билим алуу сыяктуу - келечектеги жашоо жолуңарды туура аныктоого болгон аракеттер күтүп турат.


Ошондуктан, алдыга максаттарды бийик коюп,  өзүңөргө терең ишенип, кыйынчылыктарга сынбай,  талантыңар менен жөндөмүңөрдү жигердүү көрсөткүлө.  Өлкөбүздүн жаркын келечеги ар бириңердин аракетиңерге жараша болоорун жүрөгүңөр менен сезип, элибизге, жерибизге жакшы ийгиликтерди алып келүүдө ордуңардын чоң экенин эстен чыгарбагыла.

Кымбаттуу балдарым!


Элибизде “Жаштын тилегин берет” деген жакшы сөз бар, анын сыңары алдыңарга койгон зор максаттарга жетүүгө тынбай умтула беришиңерди каалайм.


Үмүт-тилегиңер ишке ашып, өлкөбүздүн  керегине жараган татыктуу улан-кыздардан болгула.
Баарыңыздарды дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм.


Сапарыңар байсалдуу болсун, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!


Урматтоо менен, Бишкек шаарыны мэри Э.М.  Абдыкадыров