“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы кечки жана эртең мененки автоунаа сугатын улантууда.
Түнкүсүн автоунаа сугаты менен Абдрахманов, Масалиев, Байтик-Баатыр Ахунбаев, Шопоков, Токомбаев жана Сухэ -Батор көчөлөрү сугарылды. Сугат иштерине 8 атайын автоунаа тартылды.
Азыркы учурда Манас проспектинде, Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жана Тыналиев менен 7 апрель көчөлөрү арык сугаты аркылуу сугарылууда.