Билим берүү башкармалыгы «Ала-Тоо» аквапаркындагы окуя боюнча комиссия түзүп, анын курамына башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин, Бишкек шаарынын профсоюз комитетинин кызматкерлери жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кирди.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында аталган иш-чарага тартылган 6 башталгыч класстын мугалими жана  завуч Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин нормаларына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, комиссия тарабынан  балдардын, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптарды сактабагандыгы жана көзөмөлдөбөгөндүгү жана функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн  мектеп директоруна карата тартиптик жаза чараларын көрүүнү, анын ичинде ээлеген кызматтык ордунан бошотуу сунушталды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан тергөө иштери уланууда.

Иштин жүрүшүндө комиссия класс жетекчилер тарабынан башталгыч мектептин 13-классынын балдары үчүн эс алуу күнү уюштурулгандыгын жана мугалимдердин бири аквапаркка жамааттык баруу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзгөнүн аныктады. Бирок бул тууралуу мектеп администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясына билдирилген эмес. Ошол себептүү иш-чарада балдар иштери боюнча инспекторлор, укук коргоо кызматкерлери тарабынан окуучуларды транспорттук коштоо боюнча инспекторлор болгон жок. Ошондой эле билим берүүнүн онлайн формасына өтүү, ата-энелерге жана окуучуларга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча буйрук берилген эмес.

Бардыгы болуп аквапаркка 232 башталгыч класстын окуучулары, 9 класс жетекчи,  9 ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү барышкан.