9-июнда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде салтанаттуу линейкалар болот.

Мындан улам борбор калаанын мэриясы мектептерде акыркы коңгуроону майрамдоо үчүн кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөгө, жаратылышка, суу сактагычтарга чыгууга тыюу салынганын эскертет.

Урматтуу шаардыктар! Тартипти аткарбаган учурда жана мүмкүн болгон окуяларда жоопкерчилик чаралары каралат. Салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт.